Мирланбек ажы Токтомушев: Балдар биздин келечегибиз

Ош шаарындагы  “Октябрдын 70 жылдыгы” атындагы №39-орто мектептин жыйындар залында жогорку класстын окуучуларына шаардык билим берүү башкармалыгы жана “Личность” коомдук фонду тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган лекцияга Ош шаардык казыяты тарабынан баш имам хатиб Мирланбек ажы Токтомушев  катышып, “Исламда илим алуунун орду” темасында лекция окуп, окуучуларды билимдүү болууга кызыктыруу үчүн илимдин пайдалуулугу, анын пайдасы туурасында айтып берди.

“Балдар биздин келечегибиз. Андыктан ар бирибиз келечек муундар үчүн мээнет кылып, китеп окууга, ошол эле учурда ыймандуу болууга үндөшүбүз керек”,-деди Мирланбек ажы Токтомушев.