Аламүдүн районунундагы дин кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен биргеликте майыптарга жардам беришти

Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркуловтун көзөмөлү,  Маевка айыл өкмөтүнүн Теңдик жаңы конушунун «Кар-Кулжа»мечитинин имамы Кабылбек Закировтун демилгеси менен мечит жамааты биригип жаш майыптар уюмунун мүчөсү Анарбек Капаровко 4000 сом жардам берилди.

Ушундай эле жардамды Пригородный айыл өкмөтүнүн Озерный айылындагы «Байыш» мечитинин жамааты  айыл имамынын демилгеси менен Жума намаздан кийин кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүшүп, эки бөйрөгүнөн жабыркаган Алмаз Усубалиевке 4700 сом акчалай жардам беришти.

««Садака кылуу – балээден сактайт» демекчи биз да райондогу имамдар менен кеңешип, ай сайын аз да болсо колубуздан келишинче кайрымдуулук иштерин кылып туралы деп чечим кабыл алдык. Буюрса мындай иштер токтобостон уланмакчы», — деди Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов.