Ош шаардык казыяты балдар арасында Куран жарышын өткөрдү

Ош шаардык мусулмандар казыяты Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы Мээркан айылында жайгашкан “Аль-Фаарук” мечитинде  жаштар арасында Куран жарышын өткөрдү.  Куран жарышы 10 сүрө жана жарым пара жаттаган балдар арасында болуп, атайын дайындалган комиссия тарабынан 1-2-3-орундар  аныкталып, жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан баалуу белек-бекчектер тапшырылды. Бул Куран  жарышынын өзгөчөлүгү орунга ээ болбогон ар бир катышуучуга кызыктыруучу белектер тапшырылды.

“Куран жарышынын негизги максаты жаштардын адеп-ахлагын оңдоп-түзөө, Куранга болгон сүйүүсүн арттыруу жана балдардын достугун бекемдөө болуп саналат”,-деди казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Абдуллазиз ажы Абдурахманов.