Кадамжай районундагы «Дыйкан»орто мектебинде өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу боюнча иш-чара өтүп, ага мектеп мугалимдери менен биргеликте «Молдо Мурзакан» мечитинин имамы А.Кузибеков катышты.
Дин кызматкери окуучуларды ата-энени сыйлоого, мугалимдерди урматтоого чакырып, уурулуктун кесепети жана өз жанына кол салуу бул мусулман баласынын иши эмес экендиги боюнча түшүнүк берди.