Жети-Өгүздөгү “Ислам таалимдери” аялдар борбору 2 айлык курсту ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө сертификат тапшырды

Жети-Өгүз райондук хатибиятынын алдында түзүлгөн “Ислам таалимдери” аялдардын окуу борбору 2 айлык курсту ийгиликтүү аяктаган 12 бүтүрүүчүгө сертификат тапшырды.

2018-жылы уюштурулган аялдардын окуу борбору учурда өз ишин улантып, терс диний агымдардын алдын алуу жана балдарга тарбия берүүдө аялзатынын милдетин окушууда.

“Учурда окуу борбордогу 2 айлык курсту 12 бүтүрүүчү ийгиликтүү аяктап, окуунун экинчи айлампасы башталды”,-дейт облус казысы.

Эскерте кетсек, аялдардын окуу борбору Азирети Муфий Максатбек ажы Токтомушевдин 2016-жылдын 30-июлундагы №4-токтомуна ылайык ачылып, өз ишин баштаган.