Бишкек шаарындагы «Абдулла Салих» мечитинде муктаж 100 үй-бүлөгө 150 миң сомдук тамак-аш азыктары таратылды

Рамазан айынын урматына карата Бишкек шаарындагы «Абдулла Салих» мечитинде 100 үй-бүлөгө 150 миң сомдук тамак-аш азыктары таратылды. Кайрымдуулук иш-чара мечит имамы Жакыпбек Кайымов тарабынан уюштурлуп, майрамдык маанай тартууланган.

«Рамазан айындагы мындай иш-чаралар бир туугандыкты жана достукту жана кайрымдуу болууну даңазалайт. Адамзаты ар дайым бири бирине муктаж болуп жашап келет. Бул көйгөйдү Ислам дини бир-бирине жардамдашуу аркылуу чечкен»,-деди Жакыпбек Кайымов.