Кадамжайдагы мектеп окуучуларына «Ыймандуу келечек» атту темада жолугушуу уюштурулду

Кадамжай районундагы «Дыйкан»орто мектебинде өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу боюнча иш-чара өтүп, ага  мектеп  мугалимдери менен биргеликте «Молдо Мурзакан» мечитинин имамы А.Кузибеков  катышты.

Дин кызматкери окуучуларды ата-энени сыйлоого, мугалимдерди урматтоого чакырып, уурулуктун кесепети жана өз жанына кол салуу бул мусулман баласынын иши эмес экендиги боюнча түшүнүк берди.