Ошто кайрадан масштабдуу “Рамазан Чатыры” эшигин ачат. Жалпысынан 4000 кишиге дасторкон жайылат

Ыйык Рамазан айынын урматына жана 2019-жылдын “Аймактарды өнүктүрүү жылы”, ошондой эле Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланышынын алкагында “Умма” ислам журналы Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен Оштун борборунда масштабдуу “Рамазан Чатырын” ачат.

Бул уникалдуу социалдык-маданий жана кайрымдуулук долбоору 17-майдан 1-июнга чейин Бабур атындагы музыкалык-драма театрынын аймагында иш алып барат. 16 күн бою кызмат кылчу чатырда күн сайын 250 адамга ооз ачуу кечелери уюштурулуп, жалпысынан 4000 кишиге дасторкон жайылмакчы.

Чатыр майда, декоративдүү лампочкалар менен кооздолот. “Рамазан Чатырынын” көркүн аят, хадистер, ислам тууралуу уникалдуу инфографика, плакаттар ачат. Учурда даярдыктар кызуу жүрүүдө.

Аталган иш-чара Кыргызстанда аналогу жок, уникалдуу жана масштабдуу долбоор болуп, анын максаты Ыйык Айдын урматына колунда жок, муктаж адамдарга биргелешкен кайрымдуулук ооз ачуу тамактарын уюштуруу болуп эсептелет.

“Рамазан чатыры”, мындан тышкары, түрдүү конфессия жана улуттар арасында диалог түзүүгө көпүрө болуп, достук атмосферасында биргелешкен ооз ачуу иш-чараларын уюштуруу менен өз ара байланыштарды чыңдоого салым кошот. Конокторду таттуу даамдардан тышкары Рамазан тууралуу баяндар, кызыктуу тасма, түрдүү конкурстарды камтыган маданий программалар да күтөт. Рамазан чатырынын ачылышына Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан өкүлдөр, түрдүү конфессия, ишенимдин өкүлдөрү, маданий жана коомдук ишмерлер, диний аалымдар жана жардамга муктаж адамдар чакырылат.

“Рамазан Чатыры” Бишкекте 4-ирет, ал эми Ошто 2-жолу өткөрүлүүдө. Ар жолкусунда чатырдын жанына жардам пункттары да  уюштурулуп, кайрымдуу адамдардан азык-түлүк, кийим-кечелер чогултулуп, алар жеринде өз ээлерине таратылып турат. Бул чатырдын берекелүүлүгүн дагы да арттырат. Жалпы коом тарабынан аталган долбоор өтө жылуу кабыл алынып, канчалаган адамдардын жүрөгүнө унутулгус элестерди калтырды.