Нарын медресесинин студенттери компьютерди колдонуу ыкмаларын үйрөнүштү

Нарын казыятынын медресесинин окутуучулары менен 50 окуучусу Борбордук Азия университетинин Профессионалдык жана үлгүлтүксүз билим берүү метебинин «Компьютрди колдонуу ыкмалары» кыска мөөнөттүү курсун ийгиликтүү аякташты.
Алар кыска мөөнөттүн ичинде компьютердик сабаттулугун жоюп, жеке компьютерди колдоно билүү боюнча билимге ээ болушту. Бүтүрүүчүлөргө сертификаттарды тапшыруу аземи өтүп, анда Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн башкы адиси С.Жолдошова, аталган мектептин жетекчиси Н.Нишарапов жана Борбордук Азия университетинин өкүлү А.Чымырбаев куттуктоо сөз сүйлөшүп, бүтүрүүчүлөргө сертификаттарды тапшырышты.

 

ФОТО: akipress