Муфтияттын аялзатына арналган алгачкы иш-чарасы Ноокат районунда өттү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата, Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү аялдар үчүн 2019-жылдагы иш пландын 3.9 пунктуна ылайык, «Жаштардын жана аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу, алардын аң-сезиминин радикалдашуусунун алдын алуу.» боюнча атайын жыйын өткөрдү. Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын Аппарат жетекчиси Садибакас ажы Доолов, КМДБнын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов, КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов жана КИУнун мугалимдери катышып,  аялзатынын коомдогу орто, бардарга тарбия берүү, терс диний агымдардын алдын алуу жана жаштардын келечеги боюнча атайын маалымат беришти.

«Быйылкы жылдагы иш планда аядзаты менен биргеликте тыгыз иш алып баруу маселеси каралып, бул иш-чара аймактарда өткөрүлө баштады»,-деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы.

Эскерте кетсек, 2019-жылы аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата аялзатына арналган иш-чаралар республика боюнча уюштурулаары пландалууда.