Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Адамзатынын эң биринчи тарбиячысы эне

Урматтуу энелер, асылзат апалар!

Сиздерди бүгүнкү Энелер күнү менен чын дилимиден Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын жана өзүмдүн атымдан куттуктайм!

Ыйык Куранда Алла Таала ата-энеге жакшы мамиле кылууну көп жерде эскерткен. Бир да жерде балдарыңарга жакшылык кылгыла деп айтпаптыр. Анткени табиятта ата-эне баласына милдетсиз жакшылык кылат. Бүтүндөй өмүрүнү балдары үчүн арнап өтүшөт. Ислам дини ата-энеге жакшылык кылууну Алла Таалага моюн сунуудан кийинки эле эң чоң ибадаттардын даражасына койгон.

Урматтап сыйлоого өзгөчө эненин акысы чоң. Пайгамбарыбызга бир сахаба келип: «Мен кимге жакшылык кылуум керек?»–деп сурайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.)  ага: «Энеңе» -деген. «Андан кийинчи?» Пайгамбарыбыз ага: «Энеңе» – деген. «Андан кийинчи?» –дегенде. Пайгамбарыбыз ага: «Энеңе» – деп үч жолу кайталап, төртүнчүсүндө гана «Анан атаңа» – деп жооп берген. Бул жерде аталардын укугун тепсөө эмес. Энелердин баркын көтөрүү, алардын кызматын баалай билүү.

Картайганда балдары тарабынан каржылануусу, жылуу-жумшак мамилеге, урмат-сыйга бөлөнүү ата-эненин акысы. Аны бузууга бир да адамдын акысы жок. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): «Ата-энең сенин бейиш дарбазаң, кааласаң аны тургуз, кааласаң аны бузуп сал» деген.

Дагы бир хадисте: «Бейиш энелердин таман астында» деген.   Ушул сыяктуу аят жана хадистер энени карабай кою, кандай чоң күнөө жана өтө жаман ыплас адамгерчиликке жатпаган иштерден экендигин көргөзүп турат. Эне байкуш баланы төрөөдөн мурда канчалаган кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Тогуз ай бою аны моюнда көтөрүү албетте бул оңой иш эмес. Эненин боюна бүтөөрү менен анын денесинде, бүт органдарында өзгөрүүлөр башталат. Бардык мүчөлөрү бир сыйра өзүнүн өзөгүнөн чыгып, кайра бир жарым, эки жылда араң калыбына келе баштайт. Кээде ошол баланы төрөш үчүн чоң операцияга кабылып, атүгүл өлүмгө да дуушар болот.Төрөгөндөн кийин да өзүнүн кызыкчылыктарын экономикалык, илимий максаттарын экинчи орунга жылдырып, бүт болгон мээримин, күчүн баласына жумшап, улгайып өмүрү өткөнчө «балам, балам» дегени деген. Кыргыз элибизде бекеринен айтылбаса керек: «Эненин көңүлү балада деп……» Канчалаган уйкусуз түндөрдү өткөрүп, бапестеп өстүрүп, чоң үмүттөрдү койгон ата-эне картайганда, баласы өзүнөн-өзү чоңоюп, илимдүү, билимдүү болуп калгансып,  ата-энесин карабай таштап кеткен баланын баасы канча? Анын ыйманы, акылы кайда?

Урматтуу мусулман бир тууган! Адамзатынын эң биринчи тарбиячысы эне. Ата-эне ыраазы Аллах ыраазы, Аллахтын ыразылыгы ата-эненин ыразылыгында.

Андыктан алардын алкыш батасын алып, кызматын кылып, келечекте түбөлүктүү бейишке  кирүүчүлөрдөн бололу.