Ош шаарындагы Сулайман Тоо мечитинде Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарынан келген ажы башчылар менен алгачкы жолугушуу өттү

Ош шаарындагы Сулайман Тоо мечитинде Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарынан келген ажы башчылар менен жолугушуу өтүп, алар атайын окуудан өтүштү. Муну менен катар ажы башчыларга милдеттери жана 2019-жылы Сауд Арабия Падышачылыгынын Ажылык министрлиги тарабынан киргизилген жаңы өзгөчөлүктөр, талаптар жана коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү. Ошондой эле ажы башчылар менен келишим түзүлүп, алардын жоопкерчиликтери расмий бекитилди. Ажы башчыларды окутуу иш-чарасында Медина-Мекке, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндө аткарылуучу негизги ибадаттар боюнча маалыматтар берилди. Бул күнү коопсуздук эрежелери катуу каралып, Сауд Арабия Падышачылыгынын мыйзамдарын сактоо эскертилди.
Ал эми КМДБнын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн кызматкерлери болочоктогу ажыларга сабак өтүп, ажылык амалынын аткарылышы боюнча атайын график бекитүүнү ажы башчыларга тапшырды.

Эскерте кетсек, 2019-жылдагы болочок ажыларды 109 ажы башчы ыйык жайларга коштоп барышмакчы.