Тоң районунун Ак-Өлөң айылындагы мектеп окуучуларына «Бейиш эненин таман астында» аттуу иш-чара өттү

Тоң районунун Ак-Өлөң айылында мектеп окуучулары жана мугалимдер менен биргеликте «Бейиш эненин таман астында» аттуу иш-чара өтүп, анан алкагында эненин таалим-тарбиясы, акыл-насааттары айтылды.

Иш-чара Ак-Өлөң айылынын имамы Замирбек Супаев тарабынан демилгеленип, мектеп жетекчилиги колдоо көрсөткөн.

«Бейиш эненин таман астында. Андыктан биз ата-энени сылоо менен  бирге алардын кызматын кылып, таалим-тарбиясын, нускалуу кептерин көкүрөгүбүзгө сиңиришибиз керек»,-деди Замирбек Супаев.