Ош шаарынын казысы ОшМЮИнун студенттерине паракорлуктун кесепети жана анын Ислам дининдеги ордун айтып берди

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош мамлекеттик юридикалык институтунун укук  жана ишкердик, сот-прокурордук факультетинин студенттерине  акыйкаттыктын, чынчылдыктын шарияттагы орду, ыйман, адеп-ахлак темаларында баяндама жасады.

Шаар казысы келечектеги сот жана прокурорлого паракорлуктун кесепети жана анын Ислам дининдеги орду, зомбулуктун алдын алуу, зынаанын кесепети боюнча дагы маалымат берип, эң башкысы мамлекетке ак пейилден иштеп берүүгө чакырды.