Нарын казыяты Рамазан чатырын тигип, күн сайын 200гө чукул жаранга ифтарлык уюштурууда

Ыйык Рамазан айында Нарын казыяты борбордук мечитке 2 даана Рамазан чатырын тигип, ооз ачар уюштурууда. Орозонун алгачкы күнүнөн тарта сооп үмүт кылган ага-эжелердин каражаттары менен күн сайын 130дан 180 адамга ифтар тамагы берилүүдө.

«Рамазан айында орозо кармаган адамдын оозун ачырып, тамак берүү эбегейсиз сооп иштерден. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламы жана салаваттары болсун): “Кимде-ким бул айда орозо туткан адамдын оозун ачырса күнөөлөрү кечирилет жана орозо туткан адамдын сообунчалык сооп жазылат” деп айткан»,-дейт облус казысы Мамбетасан ажы Ибарев.  

Ал эми  аймактардагы имамдардын билдирүүсүнө караганда жогорудагы көрүнүштөр Нарын шаарындагы жана облустун мечиттеринде күн сайын болбосо дагы уюштурулуп жаткан учуру.
«Жакынкы күндөрү Нарын казыяты райондордун борборлорунда ооз ачыруу саамалыгын уюштурмакчы. Орозо кыямат күнү «орозо тутуучу» үчүн шапаат кылат. Ошондо Жаратканга жалбарып: «Оо, Жаратканым! Мен аны күндүздөрү жеп-ичүүдөн жана жыргалчылыктарынан куру койдум, бул үчүн ага болгон шапаатымды кабыл кыла көр!» дейт. Алла Талаа орозонун бул суранычын кабыл алып, орозолуу адамга шапаат кылууга уруксат берет»,-деди облус казысы.