Эми жарандарыбыз фитир-садаканы, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу беришсе болот

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жарандарыбыз үчүн 2019-жылдагы фитир-садаканы  берүүнүн электрондук системасын РСК банкы менен биргеликте иштеп чыкты.

Эми жарандарыбыз фитир-садаканы, зекетти берүүдө Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын РСК банктагы эсептик счетуна РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу беришсе болот.