«Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоору өз жемишин берүүдө

«АВЕП» коомдук фонду үстүбүздөгү жылдын 20-май күнү Бишкек шаарындагы Касымалы Баялинов көчөсү (мурдагы Ленинградская) 187 дарегинде жайгашкан “Кутайба ибн Муслим” медресесинде саат 18:40та «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоору алкагында медреселерге жабдууларды өткөрүп берүү иш-чарасын өткөрөт.

«АВЕП» коомдук фонду 2019-жылы «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун ишмердүүлүгүн Кыргызстандын баардык облустарында улантууда. Долбоордун алкагында ашпозчу-кондитер, компьютер колдонуучу, электрик, ширетүүчү жана тигүүчүлүк сыяктуу кесиптер республика боюнча жалпы 28 медреседе окутулууда. Буга кошумча ушул эле медреселерде 2 айлык англис тилин үйрөнүү курсу уюштурулган. Долбоор Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, Кыргызстандагы АКШ элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун мааниси тууралуу айта кетсек учурдагы актуалдуу проблеманы камтып, медреселер жана тийиштүү уюмдар менен биргелишип иштешүүдө. Максаты — диний билим берүү мекемелеринде окуган жаштарга сертификат берип, окууну бүткөндөн кийин жумуш таап кетишине жардам берүү, жумушсуздардын санын азайтуу. Ошондой эле диний радикализмге, экстремизме, террорго каршы туруп, жаштарды ошол сыяктуу шойкомдуу уюмдардын азгырыктарынан арачалап калууну көздөйт. Тактап айтканда эч кандай коммерциялык кызыкчылыкты көздөбөгөн, жаштардын келечегине шарт түзүп, акысыз кесип үйрөткөн социалдык долбоор. Ар бир облустан медреселер тандалып алынды жана тандоодо Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы активдүү катышты. Ушул жылы жалпысынан 10 медресеге 3 млн 462 миң 860,00 сомго жабдуулар алынып берилүүдө” – деп билдирет “АВЕП” коомдук фондунун директору Нурлан Токонов.

Долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин грант катары бөлгөн каражатына каржыланып, “АВЕП” коомдук фонду ишке ашырууда.