Ош облусунун казысы Кара-Суу районундагы «Салиха» атындагы аялдар окуу борборуна барды

Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Кара-Суу районунун Падаван айылындагы  «Салиха» атындагы аялдар окуу борборунун студенттери жана айыл тургундары менен жолугуп,  “Курандын пазилети жана берешендик” темасында баяндамасын жасап берди.

Жолугушуунун алкагында облус казысы  Куран окуу жана берешендиктин пазилеттерин  жана ошондой эле ыйык рамазан айында кылынган амалдардын өзгөчөлүктөрү туурасында бир катар аят-хадистердин негизинде мисалдарды айтып берди.

“Куранды дайым окуп жүргөн адамдын ден-соолугуна, көзүнө жана Куран окулган үйгө  береке жана Куран окулган үйдө эч качан ачарчылык, кыйынчылык болбойт”,-деди облус казысы.

Иш-чарага  ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Эсенов Бөрүмухаммет  жана Ош облустук казыятынын аялдар бөлүмүнөн Жапашова Жамила жана казыят кызматкерлери катышышты.