Ысык-Көл районунун баш имам хатиби операцияга муктаж болгон 2 жаранга 7500 сом жардам берди

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев Григорьевка айылына иш сапары менен барып, оор операцияга муктаж болгон 2 жаранга 7 500 сомдон 15000 сом жардамын берди. Муну менен катар бул күнү баш имам хатиб Григорьевка айылында уюштурулган ооз ачарлык саамалыгына катышып, айыл элине ынтымак менен биримдик, молчулук менен токчулукту Жараткандан тиледи.

Ал эми кайрымдуулук иш-чарасында Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Эдилбек Арынов муктаждарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиевди “Диплом” менен сыйлады.