Ошто Рамазан айынын урматына 60 үй-бүлөгө кайрымдуулук жардамдары таратылды

Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан Ош шаарында ыйык Рамазан айынын урматына 60 үй-бүлөгө 60 миң сомдон ашуун  азык түлүк  таратылды. Аталган иш-чарага облус казысы Самидин кары Атабаев жана казыят кызматкерлери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж деп эсептелген 60 үй-бүлөгө Рамазан айынын урматына азык-түлүк баштыкчасы жана ун, май  таратылды.

Облус казысы Самидин кары Атабаев жетектеген казыят кызматкерлери иш-чарага катыша албаган төшөктөгү майып жарандардын үйлөрүнө азык-түлүк баштыкчаларын жеткирип беришти. Мындай иш-чарага ыраазы болгон тургундар Ош облустук казыятына ыраазычылыктарын билдиришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында Облус казысы Самидин кары Атабаев мындай иш-чара уланып тураарын билдирди жана мүмкүнчүлүгү бар жарандарды бул иш-чарага катышууга чакырды.