Азирети Муфтий менен Россия Ислам билими боюнча Кеңешинин төрагасы 2019-2020-жылдарга Орусия аймагында окуу үчүн эки тараптуу макулдашууга кол коюшту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен Россия  Ислам билими боюнча Кеңешинин төрагасы Мухаметшин Рафик Мухаметшович 2019-2020-жылдарга Орусия Федерациясынын аймагында окуу үчүн эки тараптуу макулдашууга кол коюшту.

Салтанаттуу кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич катышып, тараптардын бул жетишкендиги менен куттуктады.

Макулдашууда Кыргыз Республикасынын 25 жараны Орусия Федерациясынын аймагында өздөрүнүн диний билимин жогорулатышып, тажрыйба топтой алышмакчы.

Атап айтсак:

— Магистр, докторантура  жана бакалавр программасы.

Алардын ичинен:

— Москва Ислам университетине бакалавр программасы;

— Уфадагы Орусия Ислам университетине бакалавр программасы;

— Казань Ислам университетине бакалавр программасы;

-Булгар ислам академиясына магистр программасы;

-Болгария Ислам академиясына докторантура программасы.

Ал эми Орусиядагы тиешелүү диний окуу жайларды ийгиликтүү аяктаган Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндө 3-жылдан кем эмес эмгектенүүсү милдеттүү болот.