Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевдин апасы дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Азирети Муфтий көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевдин апасы дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын жана өзүмдүн атымдан үй-бүлөсүнө, балдарына, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жараткан Алла Таала ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Алла Таалам маркум энебизди Өз ырайымына алып, ыйык Рамазан айында күнөөлөрүн кечирип, жайын бейиштен берсин. Жараткан жалпыңыздарга сабыр берсин.

Терең кайгыруу менен көңүл айтып,

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев