Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин башчысы Али Муслу менен жолугушуп, кызматташуу жаатында пикир алышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) башчысы Али Муслу мырза менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда тараптар кызматташууну бекемдөө, достук алакаларды чыңдоо жаатында баарлашты.

Муну менен катар жолугушууда  Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) башчысы Али Муслу мырза эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ал эми Азирети Муфтий Али Муслу мырзага өзүнүн ыраазычылыгын айтуу менен кызматташтык алакалар бекемделе бере тургандыгын баса белгиледи.