Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин зыярат кылып, хатибияттын атынан акчалай жардам көрсөттү

Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов шаардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин зыярат кылып, алардын жашоо-турмушунан кабар алды.

“Биздин максатыбыз ардагерлердин басып өткөн жолдорунан,  кадырман карыларыбыздан элибиз үчүн жасаган эмгегинен үлгү алуу”,-деди Чойбек ажы Исакунов.

Муну менен катар бул күнү баш имам хатиб  Ленинград шаарынын блокадасына катышкан ардагерлерди ыйык Рамазан айы менен куттуктап, хатибияттын атынан ардагерлерге 2 миң сомдук жардам көрсөттү.