Мунафык

Бул сен жөнүндө, сөзсүз оку.

Мечитте олтурган элем, бирөөлөрдүн мени мактап жатышканын кулагым чалып калды: «Маа шаа Аллах! Бул байкебиз өтө сонун макалаларды жазат. Жарып ийет. Окугансыңбы, бомба! Бомба! Окуй элек болсоң албетте окуп чык. Азыр мен аны чакырамын…»

Сыймыгымдын толкуну тамагыма чейин келди жана ага шуңгуй баштадым. Мен өзүмдү аларды укмаксанга салдым. Тим эле периштедей болуп, китеп окууга катуу киришип кеттим. Ошол учурда китеп эмне жөнүндө деп сурашканда, Аллахка ант, бир нерсе деп жооп бере алмак эмесмин, себеби мага жамгырдай жаап жаткан мактоолордон башым айланып, өзүмдү жоготуп койгон элем.
-Байке, бери келиңиз, деди бирөөсү. Мен болсо «жактырбагандай», китебимди бир четке коюп, ордумдан турдум да алар тарапка карап жүрө баштадым.
Коомдук тармактарда жазгандарым, бөлүшкөндөрүм жөнүндө сурай башташты. Береке табың, маа шаа Аллах! Сизге окшогон мусулмандар дагы да көп болсо экен… Күчтүү, тайманбас, ыйманы бекем… Мен артык чыдай албадым… Күчтүү, ыймандуу мусулман болуп көрүнгөн кабыгым дал жумуртканын кабыгындай жарака кете баштады.
Көздөрүм, башым тырс-тырс этип, жакшы макалалар жаза турган, пайдалуу нерселерди башкаларга бөлүшө турган колдорум калтырай түштү. Кабыгымдын жарылуусунан пайда болгон «шуулдаган үн» ааламды тутту. Кырдаал өтө оор болчу. Мына, мечиттегилердин баары мени карап турушат. Бирок, эч ким жакыныма келе алган жок, анткени айланамды жалын каптаган. Бардык тарапта катуу жанган от. Жалындуу оттон башка эч нерсе жок. Капысынан ыймандуу жигиттин кабыгын бузуп, ичинен мунафык чыгып келди. Түрү суук, орой, коркунучтуу. Бүт мечиттегилер аны көрүп, таң калгандан жакаларын кармашты. Кимдир бирөө аны телефонго да тартып алмакчы болду…
Мунафык… Намазга ойгонуу керек болгон учурда терең уйкуда жатат. Мунафык… күндөрүн намазсыз өткөрөт… Бир күн эмес, балким жумалап ушундай кылат… Мунафык… сооп табуу үчүн мечитке атайын кадам шилтеп барбайт, жолу түшсө гана кирип коёт. Мечитке жума күнү гана араңдан зорго барат, эгер жума намазын үйдө окуса да боло бергенде мүмкүн үйдө эле окуп коймок… Мунафык… Аллахтын аты менен баштоону унутуп, колуна түшкөн ар кандай нерсени эч ойлонбой жей берет, жеп бүткөндө жедирип, ичирген Жаратканга жеткиликтүү шүгүр айтып бата кылбайт, болгону «оомийн», деген сөзгө тили араң күрмөөгө келип, эки колун жүзүнө сүртүү үчүн көтөрөт. Бирок ал да жүзүнө жетпей эле ылдый түшөт… Мунафык… махрам болбогон кыздарга ачыктан ачык сөз атат, уялбай көзү менен аларды «жеп коё берет». Мунафык… мактоо угуу үчүн гана макалалар жазат… Мунафык… Курандын ордуна дилинде жалаң музыка сактайт. Мунафык… арамдан көзүн алып качпаган, колун тартпаган жана бутун да тыйбаган… Мунафык!
Кабак акырына чейин талкаланып түштү. Ыймандуу жигиттен эч нерсе калган жок… Аллахтын үйүнүн ортосунда бүт «чырайы» менен турат… Шайтандары аны бир саамга да таштап кеткен жок. Алар анын башын, дилин, кулак жана көздөрүн өзүнө байлап алышкан… Мунафык!
Коомдук тармактардын (фейсбук, инстаграм ж.б.) кең майдандарында жалаң нафсың үчүн гана кезет элең. Мына бүгүн нафсың бир аз кангандай… Мунафык!
«Байке, Пайгамбар соллаллоху алайхи ва саллам качан төрөлгөнүн айтып бере албайсызбы?» деген суроону окуп, тезинен «издөө кызматтарын» ишке саласың, кыялыңда болсо, жакшы бул суроону түз өзүмдөн маңдайлаш турганда сурабады, деп коёсуң… Сураганда эмне деп жооп бермексиң, эй мунафык? Азыр бир мүнөт, (кредитке алынган) андроидиме карап көрөйүн… Мунафык… нашиддерди башка арам музыкалар менен аралаштырып жиберген… Куранды болсо уятсыз журналдар менен бирге окуган… Жакты жактыларды (нравиться-лайк) эсептеп жыргаган… ар бир лайк баскан кыз же аялдын баракчасына өтүп, аны тыткылаган… Мунафык… кимдир бирөөгө «Салам, кандайсың?» деп салам жолдойсуң, дагы кимгедир «Ассалааму алайкум ва рохматуллохи ва барокатух» деп салам бересиң… Көчөдө оронгон кыздарды көрсөң, кубанасың да, кырылган сакалыңдын ордун кашып коёсуң…
Уят… Сени «сыймыктануу» эмес, уялуу толкуну ороп алышы керек болчу… Мен ушул нерселердин түш болуусун өтө, өтө каалайт элем… Бирок, өкүнүчтүүсү, булардын баары азаптуу… кайгы… чыдагыс түш эмес… өңүң… өңүң…

 

Даярдаган: Абибилла ажы Кадырбердиев.

Аалымдар Кеңешинин төрагасы.