Адал ырыскы табуу

Ислам дининде  өзгөчө басым жасаган негизги маселелердин бири бул адал  ырыскы  табуу. Ал эми  адал деген сөз :  Маңдай тери менен табылган өз акысы деген маанини туюнтат. Ошондуктан ар бир мусулман адам үчүн  адал ырыскы табуу, үй – бүлөсүн адал жол менен багуу ибаадат амалдарыдан кийинки эле парз амалы болуп саналат. Анткени адал ырыскы табуу-бул  Аллах Тааланын буйругу.

Аллах Таала айткан: يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ لاَ تَأْكُلُواْ أَمْوَالَكُمْ بَيْنَكُمْ بِالْبَاطِلِ إِلاَّ أَن تَكُونَ تِجَارَةً عَن تَرَاضٍ مِّنكُمْ وَلاَ تَقْتُلُواْ أَنفُسَكُمْ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا

Котормосу:  Эй, ыйман келтиргендер! Бири- бириңдин мал – мүлкүңөрдү арам жолдор менен жебегиле! Бирок, бул өзүңөрдүн ыраазычылыгыңар менен  болгон соода болсо, анда жегиле. Өзүңөрдү-өзүңөр өлтүрбөгүлө! Акыйкатта, Аллах силерге мээримдүү. ( Ниса 29 )

Аллах Таала айткан : وَكُلُوا مِمَّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ حَلَالًا طَيِّبًا وَاتَّقُوا اللَّهَ الَّذِي أَنْتُمْ بِهِ مُؤْمِنُون

Котормосу: Аллахтын силерге берген адал, таза ырыскысынан  жегиле. Өзүңөр ыйман келтирген Аллахтан корккула. ( Маида 88 )

Аллах Таала айткан: يَا أَيُّهَا النَّاسُ كُلُوا مِمَّا فِي الْأَرْضِ حَلَالًا طَيِّبًا وَلَا تَتَّبِعُوا خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ ۚ إِنَّهُ لَكُمْ عَدُوٌّ مُّبِينٌ  

Котормосу:   Эй адамдар! Жер жүзүндө болгон адал нерселерден гана жегиле, шайтанды ээрчибегиле! Чындыгында шайтан силерге анык душман. ( Бакара 168 )

Адам баласы үчүн бул жашоодо адал ырыскы  жана адал киреше табуу милдеттүү. Ошондой эле куттуу хдистерде Пайгамбарыбыз  Мухаммад ( с.а.в ) бүгүнкү күндөгү коомдогу эң маанилүү маселени далай кылым мурда эле  айтып кеткен.

  عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ، قَالَ : يَأْتِي عَلَى النَّاسِ زَمَانٌ ، لاَ يُبَالِي المَرْءُ مَا أَخَذَ مِنْهُ ، أَمِنَ الحَلاَلِ أَمْ مِنَ الحَرَامِ

Котормосу:  Абу хурайра ( р.а ) Пайгамбарыбыз Мухуммад ( с.а.в ) дан риваят кылып айтат.Ушундай бир күн келет адам мал – мүлктү адалдан таап жатабы, арамдан таап  жатабы ага көңүл бурбайт. (Бухари)

قال رسول الله صلى الله عليه وسلم ان لكل امة فتنة وفتنة امتي المال     

Котормосу : Пайгамбарыбыз ( с.а.в ) айтты.  Акыйкатта ар бир  үммөттүн фитнасы бар. Менин үммөтүмдүн фитнасы байлык. (Тирмизи)

عَنْ أَبِى هُرَيْرَةَ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ -صلى الله عليه وسلم- قَالأَتَدْرُونَ مَا الْمُفْلِسُ ». قَالُوا الْمُفْلِسُ فِينَا مَنْ لاَ دِرْهَمَ لَهُ وَلاَ مَتَاعَ  فَقَالَ « إِنَّ الْمُفْلِسَ مِنْ أُمَّتِى يَأْتِي يَوْمَ الْقِيَامَةِ بِصَلاَةٍ وَصِيَامٍ وَزَكَاةٍ وَيَأْتِي قَدْ شَتَمَ هَذَا وَقَذَفَ هَذَا وَأَكَلَ مَالَ هَذَا وَسَفَكَ دَمَ هَذَا وَضَرَبَ هَذَا فَيُعْطَى هَذَا مِنْ حَسَنَاتِهِ وَهَذَا مِنْ حَسَنَاتِهِ فَإِنْ فَنِيَتْ حَسَنَاتُهُ قَبْلَ أَنْ يُقْضَى مَا عَلَيْهِ أُخِذَ مِنْ خَطَايَاهُمْ فَطُرِحَتْ عَلَيْهِ ثُمَّ طُرِحَ فِي النَّار  

Котормосу:  Абу хурайрадан ( р.а ) риваят. Пайгамбарыбыз Мухаммад ( с.а.в ) сахабаларга кайрылып,  байлыктан колун жууган ( мындай айтканда тыйын-тыпыры жок ) адам ким деп сурады ? Сахабалар жооп беришти. Байлыктан колун жууган   адам дегени: Тыйын – тыпыры жана  буюм-тайымы калбаган киши деп жооп беришти. Пайгамбарыбыз ( с.а.в ) айтты: Менин үммөтүмдүн колунан байлыгы жуулган адам  Кыямат күнү намаз, орозо, зекет жана башка амалдар менен келет. Бирок кимдир бирөөнү тилдеген, кимдир бирөөнү ушактаган, кимдир  бирөөнүн малын жеген , кимдир  бирөөнүн канын төкөн, кимдир бирөөнүн  сабап койгон киши болот. Мына ошол кишинин жакшылык сооптору мунун колунан жапа чеккен адамдарга берилет. Ошентип отуруп мунун жакшылык сооптору түгөнүп адамдардын күнөөсүн анын мойнуна жүктөлөт. Андан кийин ал киши тозоко ташталат. ( Муслим )

Демек жогорудагы айтылган аят жана хадистерден баарыбызга белгилүү болгондой мусулман адам үчүн адал эмгек менен ырыскы табуусу өзүнө да өз карамагыдагы адамдаргада милдеттүү. Азыркы учурда көпчүлүгүбүз  өзүбүздү, үй-бүлөбүздү   адал  же арам менен багып жатканыбызды  билбейбиз. Акча тапсам болду деген түшүнүктө жашап келебиз.  Ал мээнет менен тапкан ырыскыбыз   уурулукпу, тоноочулукпу, киредитпи, парабы же арам иштер менен табылган акчабы деп адал-арамды эске албай эле тапсам болду деген ой менен үй-бүлөнү багуу мусулман пендеге таптакыр туура келбейт. Ошондой эле  бул арам жолдор менен табылган ырыскыларды ойлойбуз, мен байып жатамын же үйгө Аллахым берекени берип жатат же максаттарыма жетип жатамын  деп! Жоок андай эмес, тескерсинче   арам жолдор менен мээнет кылып тапкан ырыскыларыбызга Алла  Таалам берекесин бербейт, максаттарыбыззга жеткирбейт жана кылган ибадааттарыбызды жана дубаларыбыздыда кабыл кылбайт. Анткени Аллах Таала куранда айткан :

يَمْحَقُ اللَّهُ الرِّبَا وَيُرْبِي الصَّدَقَاتِ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ كُلَّ كَفَّارٍ أَثِيمٍ)، «سورة البقرة: الآية 

Котормосу : Аллах сүткорлукту жокко чыгарып, садаканы арттырат. Аллах ар кандай күнөөкөр- капырларды жакшы көрбөйт. (Бакара)

Ошондой эле хадисте Пайгамбарыбыз ( с.а.в ) айткан: ان الرجل ليحرم الرزق بالذنب يصيبه

Котормосу : Акыйкатта адам келе турган ырыскыдан кылган күнөөсүнүн  айынан куру калат. ( Ибни маажа )

Демек, Алла Таалам арам жолдор менен табылган ырыскыларга берекесин бербей тескерисинче аларды жок кылыт экен. Негизи эле момун мусулман пендеге адал-арамды эске албай эле акча тапсам болду деген түшүнүктө болуу  шариатыбызга туура келбейт. Анткени Пайгамбарыбыз ( с.а.в ) айткан: Арам менен азыктанган дене бейишке кирбейт. ( Байхаки )  Дагы бир хадисте: Көңүл бургула ! Денеде бир муштай эт бар, эгер ал жакшы болсо дене да жакшы болот,  эгер ал жаман болсо дене да жаман болот деген. Ошондуктан адамдын жүрөгү жакшы болуусу үчүн бардыгынан мурда адал ырыскы табуу жана арамдан алыс болуу керек.

 

 

Даярдаган: Имарали уулу Махамадали

КМДБнын үгүт-насаат жана даават бөлүмү.