Бишкек казыятынын эмгек жамааты «Азирети Умар» Куран жаттоо борборунун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты

Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов жана Бишкек казыятынын жамааты шаардагы «Азирети Умар» куран жаттоо борборунун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып кайтты. Айрыкча окуу борбордун окуу планы жана курулуш иштерине басым жасалды.

Бул тууралуу Эрназар ажы: «Бул сыяктуу окуу борборлордун болушу биз мусулман коомчулугуна өтө пайдалуу болуп эсептелет. Жаш жеткинчектер башка нерсе менен эмес Ыйык Куран китебин окуу менен алек болушу албетте чоң жетишкендик. Ар бир мусулман үй-бүлө балдарына эң аз дегенде Куран окууну үйрөтүп койсо келечекте албетте жакшы түшүмүн берет»,- деди ал.

«Азирети Умар» Куран жаттоо борбору жаштарга Куран  үйрөтүүнү колго алып, иш алып барып жатат. Мектептеги сабактарына тоскоол бербей турган учурларда жаштар келип сабак окуп кетишет.