«Азирети Умар» Куран жаттоо борбору жаңы окуу жылынын башталышы менен өз ишин баштады

Бишкек шаарынын казыятына караштуу «Азирети Умар» Куран жаттоо борбору жаңы окуу жылынын башталышы менен кайрадан ишин баштады. Аталган окуу борбор 2017-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат.

Быйылкы жылы жалпысынан 10 мугалим мектеп окуучуларына сабак бермекчи. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда аталган борбордун жетекчиси Ахунжанов Шахобидин ажы билдирди. Анын айтымында, окуу борбордо жалпысынан 200 бала билим алышмакчы:

«Быйылкы жылы колубуздан келген аракеттерди жасап, окуу имарат оңдоп түзөп, окуучуларды күтүп жатабыз. 10 мугалим сабак берип жатат. Мектепке эрте менен баруучулар бизге келип түштөн кийин сабак алат. Ал эми түштөн кийин окугандар бизге эрте менен келип сабак алып кетишет. Жалпысынан 200 гө жакын балдар кыздар сабак алат»- деди ал.