Чүй облусунда жаңы эки мечит элге пайдаланууга берилди

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылында «Ас-Салам» фонду тарабынан, Сауд Араб Падышачылыгына келген демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңы мечит элге пайдаланууга берилди.

Мечит 400 адамга ылайыкталып, бардык шарттары менен аягына чейин бүткөрүлдү. Мечитти ачуу аземине демөөрчүлөр, «Ас-Салам» фондунун өкүлү жана Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев жана жергиликтү жамаат катышты.

Ошондой эле Токмок шаарында да «Ас-Софа» фонду тарабынан каржыланып, 450 адамга ылайык, бардык шарттары менен, заманбап мечит курулду.

Бул мечиттин ачылышына шаардык мамлекеттик кызматкерлер, Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев, демөөрчүлөр, Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов жана жергиликтүү жамаат катышты.