Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев күч органдары тарабынан өткөрүлгөн жыйында Ханафий мазхабы тууралуу баяндамасын жасады

Чүй облусунун Жайыл районунун Ички иштер бөлүмүнүн жыйындар залында, Жайыл райондук ИИБнын кызматкерлерине «Ислам дининин аруулугу, мазхаб кармануунун зарылдыгы жана бүгүнкү күндөгү мамлекетибиздеги диний кырдаал» тууралуу баяндама жасалды.

Аталган даяндаманы ДИМКнын Чүй облусундагы убактылуу өкүлү Улук Акимов жана Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев жасашты.

Жыйын учурунда Жайыл районунун имам хатиби Ислам-тынчтыктын дини экенин Куран аяттары жана ыйык хадистер менен түшүндүрүп, Ханафий мазхабы тууралуу да токтолуп, мазхаб кармануу зарыл экенин айтты. Ал эми ДИМКнын өкүлү Улук Акимов мамлекетибиздеги диний кырдаал жана экстремизм, терроризим тууралуу өз баяндамасын жасады.