Ош шаардык казыятынын кызматкерлери жаштарды таалим-тарбияга чакырган жыйынга катышты

Ушул жумада Ош шаардык мээриясы тарабынан жана дин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өлкүлдөрүнүн катышуусунда калаа тургундарын тазалыкка чакырган, жаштарды таалим-тарбиясына үндөгөн жыйын болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаардык казыятынын кызматкерлери катышып, улут аралык ынтымакты бекемдөө, жаштардын таалим-тарбиясына жана адептүүлүгүнө көңүл буруу, тазалыкты сактоо туурасында баяндамаларын жасашты.