Баткен облусундагы мечиттерде бүткүл дүйнөлүк тазалыкты күнүнө карата тазалык сактоо туурасында түшүндүрүү иши жүргүзүлдү

Бүгүн, 13-сентябрда коомдогу ысрапкерчиликти алдын алуу жана 15-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата облус аймагындагы бардык мечиттерде айлана-чөйрөнү коргоо жана коомдук жайларда тазалыкты сактоо темасында баяндама айтылды .
Ал эми Баткен шаарындагы борбордук «Нумани» мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов баяндама жасап, тазалык ыймандын жарымы экендигин, тазалыкка маани берүү зарылчылыгына токтолду.