Бишкек шаарында имамдардын ынтымагын бекемдөө максатында спорттук иш-чаралар уюштурулат

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаарынын казысынын орун басары  Эрназар ажы Асатов шаардагы дин кызматкерлеринин арасында ынтымактуу бекемдөө жана сергек жашоого үндөө максатында ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча тапшырма берди.

Айрыкча шаардагы мечит имамдарынын бири-бирин жакындан таануусу үчүн мындай иш-чаралар өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.

«Дин кызматкерлери, имамдар жалпы элибиздин руханий дүйнөсүнүн өсүшүнө  эбегейсиз зор салым кошуп келе жатат. Бир максатта кызмат кылгандар бири-бирин жакындан таанып жакшы мамиледе болуусу, сергек жашоого умтуулуусу эң жакшы көрүнүш”,-деди Эрназар ажы.