“Имам аль-Бухарий- Алай” мечитинин имам хатиби Осмонов Мырза кары окуучуларга ата-энени сыйлоо туурасында лекция окуду

Бүгүн, 13-сентябрда Ош шаардык мусулмандар казыятынын борбордук “Имам аль-Бухарий- Алай” мечитинин имам хатиби Осмонов Мырза кары  №52 Кыргыз-Түрк достугу атындагы орто мектебинде “Адеп-ахлак” жөнүндө лекция окуду.

Аталган иш-чарада алгач окуучулардын жүрөгүн жибиткен “Энеке” аттуу видеоролик менен башталды.  Андан соң ата-энени сыйлоо, илимге болгон кызыгуу, жакшы адеп-ахлак туурасында баяндамасын жасады.

Жыйынга Ош шаардык жаштар комитетинин өкүлү жана №52 Кыргыз-Түрк достугу атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты катышты.

Эскерте кетсек, бул иш-чара Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу Борбордук “Имам аль-Бухарий- Алай” мечитинин имам хатиби Осмонов Мырза кары, Ош шаарынын мэриясы жана Ош шаардык жаштар комитети менен биргеликте уюштурулду.