Панфилов районунун баш имам хатиби Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысы менен жолукту

Бүгүн, 13-сентябрда Панфилов районунун баш имам хатиби Жумабек ажы Дуванаев Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысы Жаңыл Баязова менен жолугушуп, бир канча маселелерди талкуулашты.

Айыл өкмөт башчысы менен болгон жолугушууда, айыл имамдары жана айыл өкмөт башчылары менен тыгыз иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Мындан тышкары, имам жана жергиликтүү жамаат ортосундагы мамиле, мечиттерди каттоодон өткөзүү, ар улуттардын өкүлдөрү менен биргеликте ынтымак, биримдик темасында иш-чараларды жүргүзүү жана райондогу аялдардын дин тууралуу түшүнүктөрүн жогорулатуу боюнча иш алып баруу маселеси каралды.