Кара-Балта шаарында «Ислам, ыйман баалуулуктары жана экстремизм, терроризмге каршы туруу» аттуу иш-чара болуп өттү

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы маданият үйүндө, Жайыл райондук ИИБнын экстремизм жана терроризмге каршы күрөшү бөлүмүнүн кызматкерлеринин демилгеси менен 400дөн ашуун студенттердин катышуусунда «Ислам, Ыйман баалуулуктары жана экстремизм, терроризмге каршы туруу» аттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы жогорку жана кесиптик окуу жайларынын студенттери, мугалимдери, Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев, Жайыл райондук ИИБнын кызматкерлери Данияр Сапарбаев, Нурдин Санбаев жана ДИМКнын Чүй облусундагы убактылуу өкүлү Улук Акимов катышты.

Иш-чара алкагында ар бир адис өзүнүн сөзүн сүйлөп, студенттердин тарабынан берилген суроолорго да жооп беришти.

«Ыйман, мамлекет, ата-эне, ден соолук – булар Кудай Тааланын берген баасыз, эң чоң нээматтары. Ыймандуу, адептүү бололу. Окууларыбызга кыянат кылбай, жакшы окуп, мыкты адис болуп, элге-жерге мамлекетибизге кызмат кылала. Ошондой эле ар кандай туура эмес агымдардан сак болуп, диний маалыматты өзүбүздүн белгилүү аалымдарыбыздан жана имамдардан алалы»,-деди Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев.