Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев диний окуу жайлардын мүдүрлөрү менен жолугушууларды өткөрдү

Бүгүн, 12-сентябрда Ош облустук казыятынын жыйындар залында 2019-2020-окуу жылына карата  облус аймагындагы диний окуу жайлар жана окуу борборлордун  мүдүрлөрү арасында чогулуш болуп өттү.

Чогулушка Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, окуу бөлүмүнүн адиси Акжол Бакиров жана облусдагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү катышты.

Чогулушта быйылкы окуу жылына даярдыктар, студенттердин окуу куралдары жана окутула турган предметтер туурасында талкуу болду.

Чогулуштун жүрүшүндө Самидин кары Атабаев окуу жайлардын мүдүрлөрүн жаңы окуу жылы менен куттуктап,  студенттердин убактысын туура пайдалануусун көзөмөлдөө, адептүүлүктү үйрөтүүгө, билим сапатын жогорулатууга чакырды.

Чогулуштун жыйынтыгында окуу бөлүмүнүн адиси Акжол Бакиров окуу жайлардын мүдүрлөрүнө окуу жылына карата тапшырмаларды берди.