Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Түштүк Кореяда эмгектенген мекендештер менен жолугушууда  

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов  илимий иш  сапары менен Түштүк Корея мамлекетине учуп келди.

Иш сапар алкагында дин аалымы Түштүк Кореяда эмгектенип жаткан мекендештерибиз менен жолугушууларды өткөрүүдө. Андан кийин өз баяндамасын жасаган соң мекендештердин кызыктырган суроолоруна  жооп бермекчи.

Мекендештерибиз менен болгон жолугушуу 4 күнгө созулат. Тактап айтканда 12-сентябрдан тарта 15-сентябрга чейин уланат.

Жолугушуу өтүүчү жайдын дареги бул шилтемеде:

https://www.facebook.com/chubakajy/photos/a.272056849651795/1168002440057227/?type=3&theater