«Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов мектеп окуучуларга адеп-ахлак туурасында тарбиялык саат өттү

Бүгүн, 12-сентябрда Ош шаардык казыятынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов №4 С.М. Киров атындагы мектеп гимназиясында адеп-ахлак туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Аталган иш-чарада алгач окуучулардын жүрөгүн жибиткен “Энеке” аттуу видеоролик менен башталды.  Андан соң ата-энени сыйлоо, илимге болгон кызыгуу, жакшы адеп-ахлак туурасында тарбиялык саат өтүлдү.

Лекциянын аягында суроо-жооп форматында уланып, мыкты суроо берген окуучуларга китептер берилди.