Ошто диний кызматкерлер өзгөчө кырдаалдарда алгачкы жардам көрсөтүүнү үйрөнүштү  

10-11-сентябрь Ош облустук казыятынын жыйындар залында  “Диний кызматкерлердин өзгөчө кырдаал учурундагы  ролу” аттуу 2 күндүк окуу семинары болуп өттү.

Семинарга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков, казыят кызматкерлери, Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин  Кыргызстандагы Миссиянын жетекчиси Сангита Кёниг айым, Кыргызстандын Кызыл Ай Коомунун Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Азамат Сабиров, ӨКМдин өкүлдөрү жана ошондой эле элүүдөн ашык имамдар катышты.

Семинардын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү, чакан топтордо иштөө (жер титирөө, суу каптоо, сел, жер, кар таш көчкү) учурдагы алгачкы жардам, ушул сыяктуу темаларды диний кызматкерлерге үйрөтүшүп, өзгөчө кырдаалдарда алгачкы  жардам көрсөтүүнү Улуттук  Кызыл Ай Коомунун адистери иш жүзүндө көрсөтүп беришти.

Семинар  диний кызматкерлердин жамааттарда коомчулукта өз орду жогору экендигине жана эл менен тыгыз иштегендигине байланыштуу ушул маалыматтарды диний кызматкерлер аркылуу көбүрөөк элге жеткирүү  максатында уюштурулду.