Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кара-Балта шаарында бийлик өкүлдөрү жана 4 райондун имамдарынын катышуусунда жыйын өткөрдү

Бүгүн, 11-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районунун администрациясынын жыйындар залында аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КМДБнын Аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов Чүй облусунун Москва, Жайыл, Сокулук, Панфилов районундагы жалпы имамдарына жыйын өткөрдү.

Жыйынга имамдардан тышкары Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Шүкүр Шерматов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Таажидин Байтейитов, Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондун баш имам хатибтери, шаардагы мечиттин имамдары жана жергиликтүү тургундар катышты.  

Иш-чара учурунда Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев район аймагындагы диний кырдаалга жана аймактарды өнүктүрүү жылына карата жасалып жаткан иштерге токтолуп, мындан ары да дин кызматкерлери менен мамлекеттик кызматкерлери эриш аркак аш алып баруу керектигин белгилеп өттү.

Ал эми жыйын алкагында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ыйман жана адептүүлүк, коррупция менен күрөшүү, ысырапкорчулукту жоюу, тазалык, коомчулукта болуп жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо багытында бир катар маселелерге токтолду.

“Мамлекетибиздин бүтүндүгү бардыгына аманат. Эгер биз өлкөбүздү алдыга жылдырып, өнүктүрөлү десек, биринчи өзүбүздөн, үй-бүлөдөн, кошунабыздан баштасак. Динибиздин баалуулуктарын туура жеткирсек, Жараткандан коркуу сезими болсо, тазалыкты бекем сактасак ошондо мамлекетибиздин өнүгүүсү болот. Аны жеткирүүдө дин кызматкерлеринин салымы чоң”,-деди Азирети Муфтий.

Жыйын соңунда Азирети Муфтий жергиликтүү тургундурдын суроолоруна жооп берип, аларга Ыйык Куран китебин жана баяндар жазылган компакт дисктерди белекке берди.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында дин кызматкерелери жана эл менен жолугушуу иш-чарасы эми Токмок шаарында өтмөкчү. Буга чейин мамлекеттин бүтүндүгүн, элди ынтымакка чакырган баяндамасы Кыргызстандын 7 облусунда өткөрүлүп келген.