Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков калаа башчысы менен жолугушту

Кечээ, 10-сентябрь күнү Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков Каракол шаарынын мэри Адыл Каныметов менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулашты.

Шаар мэри менен болгон жолугушууда биргеликте аткара турган иштердин атайын программасын бекитишип жана шаардын мечиттерин каттоодон өткөрүүдөгү көйгөй маселелерди жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Мындан тышкары, жаштар арасында түшүндүрүү жана профилактикалык иштерин күчөтүү, ар улуттардын диаспораларынын өкүлдөрү менен биргеликте ынтымак, биримдик темасында иш-чараларды жүргүзүү мерчемделди.