Баткен облусунун казысы социалдык жактан муктаж студенттерге акчалай жардам көрсөттү 

Бүгүн, 11-сентябрда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Баткен шаарындагы «Муаз ибни Жабал» медресесинин мүдүрү Султанмурат Исираевди жана ал жакта билим алып жаткан 4 студентти кабыл алды.

Жолугушууда облус казысы социалдык жактан жардамга муктаж  студенттердин жылдык окуу үчүн сарпталуучу акчалай төлөмүнө 28 миң сомдук каражат жардам көрсөттү. Ошондой эле медресе студенттерин терең билим алууга чакырып, өлкө келечеги билимдүү жаштарды колунда экендигин белгилеп өттү.

«Билим- бул келечекке шам чырак, ийгиликтин, бактылуулуктун ачкычы, андыктан силерден көптү үмүт кылабыз. Жараткан окуу иштериңерге ийгилик берсин»,-деп кошумчалады облус казысы.

Ал эми студенттер облус казысына ыраазычылыктарын билдирип, үмүттүн актоого убада беришти.