Кадамжайдын Ноогардан айылында спирт ичимдиктери сатылбай турган болду

Баткен облусунун Кадамжай районунун Ноогардан айылынын жашоочулары спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөрдү кыдырып, анын зыяндуулугун айтып, сатпоого чакырышты.

Жергиликтүү тургун А.Ырыбаевдин айтымында, айылдаштары менен бирге спирт ичимдиктерин сатып алып, айыл четине барып төгүшкөн.

“Эл зыян тартпасын деген максатта айылдагы дүкөндөрдүн баарынан спирт ичимдиктерин сатып алып, жок кылдык. Эми мындан ары биздин айылда спирт ичимдиктер сатылбайт. Дүкөн иштеткендер дагы бир ооздон сатпоого сөз беришти”,- деди А.Ырысбаев.