ДУБА

Дуба – сөздүктө чакыруу, добуш чыгаруу, каалоо, жардам суроо сыяктуу маанилерге келет. Куранда жыйырма жерде дуба сөзү колдонулат. Дуба – бул тилек, жалбаруу, Жараткандан сурануу деген маанилерди билдирет. Дубанын максаты инсан өзүнүн абалын Аллага сунуп таанытуу.
Дуба — ибадаттын өзөгү, борбору. Дуба момундун куралы, диндин тиреги, асман жана жердин нуру. Дуба — чын көңүл, чын жүрөк менен кылынган ибадат жана чын жүрөктөн көңүл коюу, берилүү менен кылынат. Дуба, эң маанилүү ибадаттардын бири.
Дуба адамга күч берет, анткени дуба кылган адам, өзүн уккан, көргөн жана тилегине жооп бере турган бир Улуу Кудурет бар экенин билет.
Дуба, ишеним — инсанды, мээрими чексиз кудурет ээси Алла Таалага жеткирүүчү руханий жол. Дуба, адамды кудурети чексиз Жаратуучу менен маектеш кылат. Дуба, алсыз инсан менен кудуреттүү Алла арасында курулган көпүрө сыяктуу. Ошол себептүү дуба, кулунун Раббисине эң жакын жолдон байланышуу болуп саналат.
Дуба, ички кыйналуулардын материалдык жана руханий илдеттердин шыпаа булагы. Дуба, ошол эле учурда үмүт жана бейпилдиктин булагы; жашоого болгон кызыгуусун ойготкон мээримдүүлүк түрү. Алла Таала дубанын маанилүүлүгүн Куранда мындай деп билдирген: «Эгерде силер дуба кылбаганда Раббиңердин алдында эмне мааниңер калмак эле…?» (Фуркан, 77). Сүйүктүү пайгамбарыбыз дубаны; жакшылыктардын ачкычы, момундун куралы, диндин тиреги, ибадаттын туу чокусу катары мүнөздөгөн. (Тирмизи, 3368-69)
Алла Таала мындай дейт: “Мага дуба кылып сурангыла. Мен силердин (суранган тилек — дубаңарды) кабыл кыламын”. Албетте, Мага сыйынуудан текеберчилик кылган кимселер жакында баштарын ийген абалдарында тозокко киришет. (Муьмин, 60)
“(Оо Мухаммед), Пенделерим сенден, Мен жөнүндө сурашса, Мен аларга жакынмын. Мага дуба кылган убактарында дуба кылуучулардын дубасын кабылдаймын. Демек, Акыйкат Жолго жүрүүлөрү үчүн алар да Менин (чакырыгыма) жооп кылышсын жана Мага ыйман келтиришсин”. (Бакара 2/187) Бул аяттарда байкалгандай эле Алла Таала дуба кылынышын каалоодо, кылынган дубаларды шек-күмөнсүз кабыл кыла тургандыгын сүйүнчүлөөдө.
Абу Хурайрадан бир риваятта: “Раббибиз ар күнү кечинде, түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгү калганда, жер жүзүнө (мээрими) тушот да: Кана Мага дуба кылган ким бар? Анын дубасын кабыл кылайын. Мага муктаж болгон ким бар? Тилегин берейин. Менден кечирим сурап тооба кылган барбы? Анын күнөөсүн кечирейин, деп буйруйт”. (Муслим)
Кырсыкты дубадан башка тоскоол боло турган (кайтара турган) эч нерсе жок. Өмүрдү да жалгыз дуба жана жакшылык кылуу гана узартат. (Ат-Таж, 5/101)
Көптөгөн адамдар дуба кылам, бирок кабыл болбойт деп дубага ишенишпейт. Албетте, дуба кылуунун дагы өз шарттары бар. Алла Тааланын кудуретине жана илимине толук ишенүү, Ага моюн сунуу – бул дубанын эң негизги шарттарынан. Дуба кылуу биздин милдетибиз, ага жооп берүү Жараткандын өз ыктыяры. Мисалы, оорулуу адам доктурга сары кутудагы дарыны бер десе, доктур же берет, же сары эмес башка кутудагысын берет. Анткени, ал орулууга кайсы дары пайда берээрин дагы жакшыраак билет. Ушул сыяктуу эле, Алла Таала да пендесине эмненин жакшы, эмненин жаман экенин эң жакшы билгендигинен кээде тилегибизди орундатат, кээде башка нерсе берет. Кайсы учурда болбосун дуба кылган Адам эч качан уттурбайт, бул дүйнөдө болбосо, акыретте дубасынын сообун алат жана чоң сыйлыктар күтөт.
Адам баласынын жашоосун ирээтке салып турган, анын муктаждыктарын камсыз кылып турган Улуу кудурет ээси – бул албетте Алла Таала. Алла бул мыйзамды да пенденин дубасына, тилегине байланыштырат. Башка эшикти каккылабай, сурай турган Жараткандан сураган адам дайыма ал Раббисине жакын болот жана Анын эшигинен бош кайтпайт.

Дуба кабыл болуунун себептери:

Күндөрдүн биринде Ибрахим ибн Адхам рахимахуллах, Басра шаарындагы базарлардын биринен өтүп калат. Ошондо адамдар ага үймөктөшүп: «О Абу Исхак! Чындыгында Алла Таала: «Мага дуба кылгыла, Мен силерге жооп беремин» (Гаафир, 60) — деп убада кылды. А биз Аллага дуба кылып жатабыз, бирок неге дубаларыбыз кабыл болбойт?» деп сурашат. Ал мындай деп жооп берди: Анткени силердин жүрөгүңөр төмөнкү 10 нерседе мөөрлөнүп калган:
1) Алланы билип, бирок Анын акысын аткарбадыңар;
2) Куранды окуп, бирок ага амал кылбадыңар;
3) Пайгамбарды жакшы көрөбүз деп, Сүннөтүн таштадыңар;
4) Шайтанды анык душман деп, аны ээрчидиңер;
5) Бейишке кирүүнү эңсеп, ага татыктуу иш кылбадыңар;
6) Тозок азабынан коркуп, өзүңөрдү андан куткарбадыңар;
7) Өлүм анык деп айтып, ага эч даярдык көрбөдүңөр;
8) Адамдардан айып издеп, өз айыбыңарга көңүл бурбадыңар;
9) Алланын берген ырыскысын жеп, Ага шүгүр кылбадыңар;
10) Өлгөндөрдү көмүп, алардан үлгү-насаат албадыңар; Анан кантип силердин дубаңар кабыл болсун?!» деген экен.
Пайгамбарыбыздын хадисинде төмөнкүдөй айтылат: Кабыл болуучу 5 түрдүү дуба бар. Алар; 1. Зулумдук көргөн адамдын дубасы, 2. Ажылыктан кайтып келгенге чейинки (өзгөчө Арафатта) дуба. 3. Мужахиддин (Алла жолунда жүргөн адам, илим алып, өлкөсүн коргоп ж.б) дубасы. 4. Оорулуунун дубасы 5. Мусулман башка бир мусулманга кайыптан (аны көрбөстөн) туруп кылган дубасы кабыл болот.

Бардык жандуу, жансыздар да Аллага дуба кылышат

“Асмандардын жана жердин сырларын жалгыз Алла билет. Ал кандай сонун көрөт, кандай сонун угат”. (Кахф 26-аят)
“(Оо, Мухаммед (сав)) Аллага асмандар жана жердеги бардык жандуу да асманда, сап тарткан куштар да аруулаганын көрбөдүңбү, акыйкатта Алла бардыгынын дубасын, аруулаганын билип турат. (Нур, 41-аят)
Бул жашоодогу табияттын бардык жандуулары дайыма Алла Таалага, Жаратуучубузга дуба кылганын билесиңерби. Бак дарактар, гүлдөр бүчүр ачкан сайын, ар дайым дуба кылышат. Дарыялар деңизге агып куйганда дуба кылат. Деңиздер толкуну менен дуба кылышат. Тоолор, асман да күркүрөп, чагылган чарсылдап дуба кылышат. Учкан куштардын чырылдап сайрашы да дубанын бир түрү.
Эмне үчүн инсандар бул ажайып дубаларга кошулбайт. Келгиле биз да кошулалы бул табияттын дубасына. Биз да кошулайлы бак дарактардын, гүлдөрдүн, дарыялардын, деңиздердин, асман тоолордун, куштардын дубасына. Аллага шүгүр кылалы, бизге көптөгөн ырыскы бергендиги үчүн. Ага мактоолор айталы, бизге бир канча жакшылык, кооздуктар тартуулагандыгы үчүн.
Дуба кылалы энелерибизге, аталарыбызга. Бир туугандарыбыз, досторубуз үчүн дуба кылалы. Согушта шейит болгон, Алланын сүйүктүү досторуна дуба кылалы. Мамлекетибиз үчүн, Мухаммед (сав) пайгамбардын үммөтү үчүн дуба кылалы. Колдорубузду алакан жайып тан атканда, түн оогондо, жатаарда, уйкудан ойгонгондо, тамактанаарда дайыма дуба кылалы. Аллага мактоо, пайгамбарыбызга саламдар айталы. Шүгүр кылалы, Раббибиздин түрдүү ниматтарына.

Ар бир ишти дуба менен баштоо

​ Күнүмдүк жашообуздун чоң бөлүгү ар кандай ишкылуу менен өтөт. Ар бир кылган ишибиз жакшы болуусу, башыбызга кайра кыйынчылык болбоосу жана баштаган иштерибизди жетишкендик менен бүтүрүү үчүн улуу Алла Тааладан жардам сурашыбыз керек. Жардам суроо (дуба аркылуу) ар түрдүү болушу мүмкүн. Пайгамбарыбыздын бизге сунуштаган насаатына караганда Алла Тааланын ыраазычылыгына туура келген ар бир ишти «бисмилла» менен башташыбыз керек.

​ Дубадан мурун бисмилланы айтып, даарат алып, андан кийин, Аллага мактоолор, пайгамбарыбызга салам дубалар айткандан кийин башташыбыз керек.

​ Бисмилла, «бисмиллаахир-рахмаанир-рахиим» сөзүнүн кыскача айтылышы. Мааниси: “Боорукер жана Ырайымдуу болгон Алланын аты менен баштайм” — дегенди билдирет. Бисмилла — береке жана жакшылык эшиктерин ачкан ачкыч. Алла Таала менен болгон байланышты бекемдеген руханий себеп жана көпүрө. Бисмилла менен киришкен ишибиздин аягына чыгыш үчүн Алла Тааладан күч-кудурет тилешибиз керек. Себеби биз ар убакта, ар бир ишибизде Аллага муктажбыз. Анын уруксаты, каалоосу болмойунча бир дем ала албайбыз. Бир кадам шилтей албайбыз. Кыла турган иштерибизде Ал мүмкүнчүлүк берип, күч-кудурет берсе гана ошол иштин аягына чыга алабыз. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ар бир мусулманга «бисмилланы» айтып иш баштоосун айткан. Чындыгында «Бисмилла менен башталган ар иш берекелүү жана пайдалуу болот» (Алжууни;2,174) — деген. «Бисмилла» сөзү Алланын ыраазы боло турган иштерде айтылышы керек. Мисалга ала турган болсок, (кудай сактасын) арак ичкенде, уурдалган жана тонолгон бир мал-мүлк, азык-заттарды жегенде бисмилла сөзү айтылбайт. Себеби, арам, жаман иштерде Алланын ыраазычылыгы болбойт.

Бисмилланы атоо ошол эле маалда; ”Оо Аллам сен берген дем менен, Сен жараткан жаңы бир күнгө баштайм. Сага бет алам, Сенден жардам сурайм, мени жамандыктардан сакта жана жакшылыкка жанаштыр, бул күнүмдү кайырдуу кылып кооздогун”, дегенди туюнтат. “Бисмилла менен башталбаган ар кайсы иш берекесиз болот”. (Байхаки, Сунан, 209)​ ​

Сүйүктүү пайгамбарыбыз мындай кабар берет. ”Кимде ким үйүнөн чыгып жатып бисмилла деп Алланын атын атап, Аллага ишендим (таяндым жана тобокел кылдым), жамандыктан коргоочу жана жакшылыкка жеткирүүчү күч кубат Алладан десе, ага мындай делет; Туура жолго түштүң, муктаждыгың кетирилди жана жамандыктардан корголдуң”. (Абу Давуд, Адаб 103)

Куранда “Силер Мени эстегиле (мага зикир кылгыла), Мен да силерди эстейин. Мага шүгүр кылгыла. Жана мага каапыр (жакшылыкты билбеген) болбогула.” (Бакара, 152-аят)​

Дубаларым — менин тилегим
“Алланын алдында дубадан да маанилүү эч нерсе жок”. (Ибн Маажа, Дуба,1)
Дуба кылуу бизден, кабыл кылуу Алладан. Дубаларыбызды уккан Раббибиз албетте, жооп кылып кабыл кылат. Бирок биздин дубабызга кайсы убакта, кандай жооп берет, биз биле албайбыз. Биздин милдет дубабызды ар дайым сабырдуулук менен улантуу. Ошондуктан бир жолу тиледим, болбоду дебейли. Дуба кылууну уланталы. Ушуну унутпашыбыз керек, Раббибиз биз үчүн кайырдуу болгон жакшылыкты, белгилүү бир убакта, жооп кылып тилегибизди берет. Себеби биз үчүн эмне кайырдуу, биз эмнеге муктажбыз, Раббибиз бизден дагы жакшы билет. Кааласа тилеген нерсебиздин өзүн берет, кааласа андан да көбүн же тилегенибизден башка бир жакшылыгын берет. Же болбосо бул дүйнөдө же акыретте берет. Албетте дубаларыбызды кабыл кылат. Алла өз аятында мындай дейт. “Мага дуба кылгыла, дубаңарга жооп берейин”, (Мумин сүрөөсү, 60-аят) “Алла жана периштелери Пайгамбарга көп дуба кылышат. Силер да ага дуба кылгыла жана ага Алладан жакшылык тилегиле”. (Ахзаб сүрөөсү, 56-аят)
Хадистерде айтылгандай, “Алла дубаңарды кабылдайт. Бирок кабыл болушу үчүн шашылбагыла, дуба кылдым кабыл болбоду, дебегиле”. (Тирмизи, Даават, 12) “Кабыл болушуна толук ишенип, Аллага (чын ыкластан) дуба кылгыла”. (Тирмизи, Даават, 66)
“Оо Аллам жандуу, жансыз бардыгын жараткан, өстүрүп чоңойткон жана көзөмөлдөп турган Сенсиң. Мени жараткан да жашаткан да Сенсиң. Мага акыл, күч кубат берген да Сенсиң. Бирок мен бардык нерсеге күчүм жетпейт. Сенин атыңды эстөө, мага күч кубат жана жеңилдик берет. Ошон үчүн мен ар дайым Сенин атыңды (бисмилла) айтып иш баштайм. Мага жардам бер. Сенин күчүң бардык нерсеге жетет.”

Түбөлүккө ачылган эшик: Фатиха сүрөөсү

Фатиха, ачылыш, бет ачаар дегенди билдирет. Куран-Каримди ачканыбызда эле Фатиха сүрөөсү көзгө урунат. Ал, Курандын өзөгү, жыйынтыгы, ошондой эле эң чоң дуба жана Аллага болгон жалбаруу. Намазда Фатиха сүрөөсүн окуу менен ошол эле маалда Аллага дуба кылган болобуз. Сүрөөнүн аягында да кабыл кыл маанисинде “Оомиин” деп айтабыз.
Бата кылуу бир маанисинде Фатиха окуу дегенди туюнтат. Биз ар күнү беш маал Аллага фатиха окуу менен бет алабыз. Анын кабылдоосунда болобуз. Түзмө түз байланышабыз. Бардык ички муңубузду дартыбызды айтып жалбарабыз. Биз эмнеге муктаж болсок дароо Аллага кайрылууга тийишпиз. Ага эч кимди ортого кошпойбуз. Фатиханын маанисинде айтылгандай биз жалгыз Сага гана ибадат кылабыз, Сенден гана жардам сурайбыз. Өзүң бизди туура жолго баштагын, деп ар күнү 32 жолу дуба кылабыз.
Жашоону, өлүмдү да жараткан Алла. Бардык жандуулар бул дүйнөгө келет, жашайт жана өлөт. Муну жылдын 4 мезгилине салыштырсак болот. Жаз келип айлана жашылданып, жай күз болуп, анан эле аппак болуп, кепен оролгон сыяктуу кышка айланып, жер жүзү ак кепендин түбүндө уктагансып калат.
Ар бир жан сыяктуу эле инсан да бир күнү өлөт. Бирок өлүм, жашоонун аягы болбой ошол эле маалда, жаңы башка бир жашоонун башталгычы. Бул дүйнөдө көзүбүздү жумдурган өлүм, ошол эле маалда башка жашоого, акырет жашоосуна көзүбүздү ачат. Ал жакта бардыгынын эсеп кысабы суралат. Бул жалган дүйнөдөгү кылган сооп, күнөө иштерибизди, амал дептерибизди алдыбызга койот.
Бул дүйнө жашоосу, акырет үчүн даярдык, сыноо дүйнөсү. Бул дүйнөдө кылган амалыбыз, акыретте; же жолубузду агартат, же карартат. Дал ошол күн, инсандардын эсеп кысабы таразада тартыла турган күн, бүткүл ааламдын Жаратуучусу болгон Алла Таалага жолугуу күнү.
Улуу Раббибиз бул дүйнөгө жаратылыш максатыбызды мындай билдирет: ”Инсандарды жалгыз Мага ибадат кылышсын деп жараттым”. (Зарият, 56) Биз да жаратылышыбыздын максатына ылайык жана бактылуулук үчүн Аллага ибадат кылып, алакан жайып, жалынып жалбарып дуба кылабыз.

Алланын кооз ысымдары менен дуба кылуу

Дуба кылуу муктаждыгыбызды Аллага жеткирүүдөн башка, Аны эстеп данктап, мактоонун дагы бир жолу анын ысымдарын атайбыз. “Эн сонун, кооз ысымдар Алланын, ага кооз ысымдары менен дуба кылгыла”. (Араф, 180-аят) Хадистерде Алланын 99 сыпатын баяндап өтөт. Дуба кылган убагыбызда бул ысымдарын да колдонсок болот. Рахман ысымы (сыпаты) менен бизге ырайым кылышын, Раззак ысымы менен ырыскыбызга береке беришин, Тавваб ысымы менен тооболорубузду кабыл кылышын, Вадуд ысымы менен бизди сүйүүсүн жана сүйдүрүүсүн суранып жалбарсак болот.
Пайгамбарыбыздын хадисинде келгендей; “Оо Аллам сүйүүңдү мага, напсимен, үй-бүлөмөн жана муздак суудан дагы сүйүктүү кыл”. (Тирмизий, Дуъа 73)

Эң улук дуба: Аят ал Курсий

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз, “Ар бир нерсенин бийик чокусу бар. Курандын чокусу бул — Бакара сүрөөсү. Анда Куран аяттарынын улугу болгон бир аят бар, ал да аят ал Курсий”. (Тирмизий, Савабул Куран, 2)
Аят ал Курсинин мааниси; “Алла жалгыз – эч кандай Жаратуучу жок, Анын Өзү гана бар. Ал тирүү жана түбөлүк туруучу. Аны үргүлөө да, уйку да албайт. Асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аныкы. Анын алдында эч ким (бирөөнү) анын уруксаты жок колдой албайт. Ал алардын (бардык адамдардын) алдыларындагы жана аркаларындагы бардык нерселерди билет. Алар болсо, Ал Заттын илиминен Өзү каалаган гана нерселерди билишет. Анын Такты (Күрсүсү), Асмандардан жана Жерден кең. Ага, Асмандар менен Жерди коргоп, сактап туруу эч кыйынга турбайт. Ал, даңкы эң Жогору жана өтө Улук. (Бакара, 255-аят)
Алла бардык нерсеге жашоо берген. Себеби жашоонун ээси Ал. Ар бир нерсенин аягы бар, Бирок Алла эзелки. (башы, аягы жок). Ар бир жан өлөт, бирок Алла түбөлүктүү. Алла бардык жараткан нерселерин көзөмөлдөп коргоп турат. Бардык жандуу, жансыз ага муктаж, Алла эч кимге муктаж эмес. Алла эмне кылганыбызды, эмне кылаарыбызды билип турат. Эч нерсе андан жашыруун калбайт. Ал Алиим, бардык нерсени билет. Кыялдануубуз да Аллага сыр купуя эмес. Анын Такты асман, жердеги бүт нерсени ичине камтыган; бүт нерсе Анын буйругу менен болот. Себеби Ал улуу, мертебеси жогору.

Алланын кооз ысымдары менен дуба кылуу.

Дуба кылуу муктаждыгыбызды Аллага жеткирүүдөн башка, Аны эстеп данктап, мактоонун дагы бир жолу анын ысымдарын атайбыз. “Эн сонун, кооз ысымдар Алланын, ага кооз ысымдары менен дуба кылгыла”. (Араф, 180-аят) Хадистерде Алланын 99 сыпатын баяндап өтөт. Дуба кылган убагыбызда бул ысымдарын да колдонсок болот. Рахман ысымы (сыпаты) менен бизге ырайым кылышын, Раззак ысымы менен ырыскыбызга береке беришин, Тавваб ысымы менен тооболорубузду кабыл кылышын, Вадуд ысымы менен бизди сүйүүсүн жана сүйдүрүүсүн суранып жалбарсак болот.
Пайгамбарыбыздын хадисинде келгендей; “Оо Аллам сүйүүңдү мага, напсимен, үй-бүлөмөн жана муздак суудан дагы сүйүктүү кыл”. (Тирмизий, Дуъа 73)

Абдималик ажы Турсунбеков

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү