Рахмидин ажы Тажибаев: «Ооруп жаткандарга зыярат кылуу өтө сооптуу иш»

Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаардык казыятына караштуу «Ак Мечит» мечитинин имам хатиби Рахмидин ажы Тажибаев ооруп жаткан бейтаптарга зыярат кылып, алардын айыгып кетүүсүн тилеп дуба кылды.

Анын айтымында, ар бир илдет Алла Тала тарабынын берилген сыноо болуп эсептелет. Оору аркылуу Алла Таала пенденин даражасын көтөрөт.

«Оорубай жүргөн адамга караганда ооруган киши Кудайды көп эстейт. Ошондуктан оору аркылуу Алла Таала пендесине Өзүн жакындан таанытат экен. Илдетине сабыр кылса буюрса баары өтүп кетет»,- деди Рахмидин ажы.