Ак-Өргө конушундагы «Нур-ул Харамайн» мечитинин алдыңкы тарабы жаңыланууда

Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунда жайгашкан «Нур-ул Харамайн» мечитинин алдыңкы тарабы кайрадан жаңыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда аталган мечиттин имам хатиби Юсуф ажы Сайпиев  билдирди.

Анын айтымында, ар кандай аба ырайы учурунда жума намазга келген мусулмандарга намаз окууда ыңгайсыздыктар жаралып келген. Бул ыңгайсыздыкты жою максатында мечиттин жергиликтүү жамаатынын демилгеси менен жаңылоо иштери жүргүзүүдө.