«Айша» мечитинин имам хатиби Мансурхан ажы Нарматов окуучулар арасында спорттук мелдеш өткөрдү

Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарындагы «Айша» мечитинин имам хатиби Мансурхан ажы Нарматовдун демилгеси менен «Элистан» балдар үйүндө спорттук иш-чара өткөрүлдү.

Ага балдар үйүндөгү жалпы тарбиялануучулар катышып, бүйүр кызыткан мелдеш орун алды. Жыйынтыгында мыктылар аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

«Иш-чаранын максаты балдарга аз да болсо маанай тартуулап, көңүлдөрүн көтөрүү болуп саналат. Колдон келишинче аракеттерибизди жасадык»,-деди Мансурхан ажы Нарматов.