Бишкектин имамдары «Үй-бүлөнү ирээтештирүү» деген темада семинарга катышууда

Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарынын имамдары КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, КМДБ жана «Мутакалллим» коомдук фонду тарабынан уюштурулган «Үй-бүлөнү ирээтештирүү» деген темада семинарга катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөдөгү ата-эненин жоопкерчилиги, балдардын дени сак төрөлүшү жана аларга туура таалим-тарбия берүү тууралуу кызуу талкуу болду.

Семинардын акырында   балага жаштайынан ыймандуу, адептүү тарбия берүүдө  ата-эненин орду чоңдугу,  аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экендиги баса белгиленди.