«Чет тилдер» медресесинде «Кыз адеби кымбат» деген аталыштагы кароо-сынак өттү

Бүгүн, 9-сентябрда Талас шаарындагы «Чет тилдер» медресеси менен «Айкөл» билим берүү комплекси биргеликте эки окуу жайдын студенттери арасында «Кыз адеби кымбат» деген аталыштагы кароо сынак өткөрүлдү.

Алалган иш-чара  «АВЕП» коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулуп, кароо сынак жогорку денгээлде өттү. Бул саамалыкка эки окуу жайдын мугалимдери жана «АВЕП» коомдук фондунун өкүлү Нарынбек Кыдыргычев, Талас облусунун казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси Абдусамат уулу Өмүрзак ажы катышты.

«Аталган конкурстун максаты коомчулуктагы стереотиптик пикирлерди жок кылуу жана эки окуу жайдын  ынтымагын чындоо болуп саналат»,- деди Абдусамат уулу Өмүрзак ажы.